Siyasette On yıl ;(Саясатка аралашкан он жыл)

Ürün Kodu : 9786053372844
Barkod : 9786053372844
(0)
Yorum Yap
110,00 TL
82,50 TL
%25 İndirim
Daha Fazla Kitaplar
Kitap Açıklaması

Мен билек түрө көтөргөн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган көйгөйлөр. Менин бүткүл үмүтүм, бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстөмдүгүндө калгым келген жок. Көрсө, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлабайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоң мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тилекке каршы, эки төңкөрүш тең, бийлик ордосуна баатырдыкты да, акылмандыкты да берген жок. Саясатыбыздын трагедиясы да ушунда. Өкүнүчтүүсү, "Абыке-Көбөш, алты арам" деген саясаттын чеңгээлинде, 20 жыл сүзүп келе жатканыбызда. Жөнөкөй эле жеке башты сактоо менен, жеке кызыкчылык менен жүрө берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Улуу максат бирөө гана – Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болушу керек. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдөө, Улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясый кулчулуктан кутула албайбыз.

Kitap Özellikleri
Barcode9786053372844
Basım Tarihi2021-12-23
YazarSadır Caparov
Sayfa Sayısı104
T-Soft E-Ticaret Sistemleriyle Hazırlanmıştır.